Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдиришинче, Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча "Орус платинасы" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда келишим 2015-жылы 16-февралда түзүлгөн.
Келишимде компания алтын тазалоочу фабриканы жана калдык сакталуучу жайды Техникалык долбоорду тиешелүү органдар менен макулдашкандан кийин,18 айдан кечиктирбей куруп, ишке киргизүүгө тийиш деп милдеттендирилген.
Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Техникалык долбоордун макулдашуусу 2017-жылдын 28-августунда түзүлгөн. Ошондуктан, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт 2019-жылы 28-мартта бүтөт.
Анда айтылгандай, эгер компания келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип, 18 айды өткөрүп жиберсе, лицензия алган тарап ар бир кечиктирген ай үчүн 100 миң доллар айып төлөйт.
"Бирок компаниянын башка милдеттенмеси да бар, "Орус платинасы" 28-ноябрдан кечикпей алтын тазалаган фабриканы жана калдык сактоочу жайдын курулушун баштоого тийиш. Эгер муну кечиктирсе, компания ар бир кечиктирген ай үчүн 100 миң доллардан айыпка жыгылат. Мунун 70% мамлекеттик бюджетке, 30% Талас облусунун өнүктүрүү фондуна берилет" деп айтылат маалыматта.
Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет Жерүй алтын кени боюнча долбоорду толук ишке ашыруу максатында "Альянс-Алтын" ишканасы 28-ноябрдан тарта фабрика менен калдыктар көмүлүүчү жайдын курулушун баштоого, ал эми 28-августтан тарта 18 айдан кечиктирбей, фабрика менен калдык сакталуучу жайды иштете баштоого тийиш деп белгилейт.
Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени болгон Жерүй кени Таластын Бекмолдо айылынын аймагында жайгашкан. Буга чейин аталган кенди иштетүүгө бир катар чет мамлекеттик компаниялар лицензия алып, бирок жергиликтүү калктын каршылыгынан улам алтын казылбай келген.
2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык "Орус платинасы" компаниясына таандык “Восток геолдобыча” ишканасына тийген. Анын алдында "Алтын альянс" ишканасы түзүлгөн.(ZKo)