«Өзбекстан аба жолдору» жана «Эйр Астана» компаниялары эки өлкө шаарларынын ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча макулдашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туристтик агымды көбөйтүү максатында Ташкенттен Алматы, Астана шаарларына, Алматы менен Астанадан Ташкентке туруктуу аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Казакстандын шаарларынан Өзбекстандын Ургенч, Бухара, Самарканд өңдүү тарыхый шаарларына жаңы каттамдарды ачуу боюнча макулдашууга келишти.
Тараптар «Эйр Астана» компаниясынын учактарына Uzbekistan airways technics ишканасынын базасында техникалык кызматтарды көрсөтүү жана оңдоо иштерин өткөрүү, казак учкучтарынын «Өзбекстан аба жолдорунун» машыгуу комплексинде даярдыктан өтүүсү боюнча кызматташтыктын багыттары тууралуу сүйлөштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки авиакомпаниянын өкүлдөрү протоколго кол коюшту. Учурда «Өзбекстан аба жолдору» менен «Эйр Астана» өнөктөштүк негизде Ташкенттен Алматыга жумасына алты жолу, Астанага эки жолудан каттамдарды аткарып келишет.