Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:14

Түркмөнстанда акцияга чыккандарга жооп берген аткаминер кармалды


Түркмөнстандагы бала бакчалардын бири
Түркмөнстандагы бала бакчалардын бири

Түркмөнстандын Дашөгүз облустук билим берүү башкармалыгынын аткаминери бала бакча акыларынын жогорулашына каршы жарандардын жөө жүрүшүнө катышкандан кийин кармалды

Өткөн жумада ондогон аялдын катышуусунда Дашөгүз облустук билим берүү башкармалыгынын алдында акция өткөнү кабарланган. Катышуучулардын алдына башкармалыктын өкүлү чыгып, акимчиликке даттануу кеңешин берген. Андан соң чогулгандар Дашөгүз шаардык акимчилигин көздөй жөнөшкөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, бул акциядан кийин аткаминер менен анын үй-бүлөсү учурдагы бийликке каршы көтөрүлүүгө чакырык жасады деп айыпталган. Бала бакчалардын биринде иштеген жубайы менен жергиликтүү мектепте чарба башчысы болуп эмгектенген уулу жумуштан алынган.

Басылманын булактары кабарлашкандай, акция өткөн 10-октябрь кечинде аткаминердин үйүнө полиция кызматкерлери барып, аны кармап кетишкен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда отурат. Алгач аткаминерге кандай айыптар тагылып жатканын уккан мамлекеттик адвокат анын укуктарын коргоодон баш тарткан. Ал эми үй-бүлө тарабынан жалданган адвокаттын аткаминер менен жолугушуусуна уруксат берилбей жатканы айтылууда.

«Ал мамлекетке каршы нааразылык акцияларына чыгууга жана элдин турмушун жакшыртуу боюнча президенттин тилектерине жек көрүүчүлүк менен мамиле кылууга чакырык жасаган деп айыпталууда», - деди облустук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин бири.

XS
SM
MD
LG