Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Таласта шамал он чакты объекттин чатырын учуруп кетти

19-октябрга караган түнкү шамалдын кесепеттери
19-октябрга караган түнкү шамалдын кесепеттери

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттиги 18-октябрдан 19-октябрга караган түнү Таластын Кара-Буура районунда ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталганын аныктаган.

Бул катуу шамал райондун Жоон-Дөбө айылында Р. Осмонов атындагы орто мектебинин жана Кайнар айылынын Керимбай атындагы орто мектебинин чатырларынан шыйпырларын учуруп кеткен.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдирди. Маалыматта Ак-Чий, Кайнар айылдарында да бир нече үйдүн чатыры жабыркаганы айтылат. ӨКМдин Кара-Буура райондук бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Катуу шамалдын кесепетин жоюу жана имараттарды калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү жергиликтүү бийликке тапшырылды.

Кечээ, 18-октябрь таңга маал катталган катуу шамалдан улам Бишкектин, Чүйдүн жана Таластын бир катар аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. (ErN)

XS
SM
MD
LG