Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматы “Азаттыкка” кабарлады. “Ак жол-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен башка паспорт менен өтүп баратып колго түшкөн жаран Кыргызстандын С.М. аттуу 1999-жылы туулган тургун болуп чыкты. Ал өзүнүн паспортун жоготуп жибергендиктен бир тууганынын (ID card) паспортун алып Казакстанга өтүүгө аракет кылган.
Чек арачылар кармалган жарандын үстүнөн тийиштүү документтерди толтургандан кийин аны Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берген.
Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек араларынан жасалма жана башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылгандар маал-маалы менен кармалып турат. (ErN)