Ысык-Көл облусуна быйылкы жайкы туристтик сезон мезгилинде өлкө ичинен жана сырттан келген туристтердин саны 783 миң 158и түздү. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн облустагы өкүлчүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.
Маалыматка ылайык, туристтердин 735 миң 640ы Ысык-Көл районуна келген.
Эс алуучулар Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары. Былтыр 745 миң 850 турист келген. (AsM)