Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:50

Кыргызстандык Алимов Ставрополь крайынын өкмөтүнүн вице-премьери болду


Эркинбек Алимовду губернатор Владимир Владимиров апталык жыйында тааныштырды.

Ставрополь өкмөтүнүн жаңы вице-премьери болуп Кыргызстанда туулган Эркинбек Алимов дайындалды.

Аны Ставрополь аймагынын губернатору Владимир Владимиров апталык жыйында тааныштырды. Бул тууралуу маалымат gubernator.stavkray.ru расмий сайтында жарыяланды.

Жаңы вице-премьер эми регионго инвестицияларды тартуу жана ири бизнестер менен өз ара аракеттенүү боюнча иш алып барат.

Эркинбек Алимов 1962-жылы Ош облусунда туулган. СССРдин коргоо министринин жогорку окуу жайында билим алган. Орусияда жашайт. Кийин М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин СССРдин мамлекеттик көзөмөл органдарында, СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде, Орусия Федерациясынын Коопсуздук министрлигинде иштеген.

Алимов 2013-жылы Хабаровск аймагынын губернаторунун кеңешчиси, 2014-жылдан бери Орусия Федерациясынын президентинин Крым Республикасындагы башкы кеңешчиси кызматчысы милдетин аркалаган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG