Бишкек шаарынан “Манас” эл аралык аэропортуна барган трассаны жарыктандыруу иштериндеги мыйзам бузуулар аныкталды.
Бул тууралуу бүгун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 189, 304 жана 306-беренелеринин негизинде (“Аукцион, тендер өткөрүүнун ачыктыгын бузуу”, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү”) кылмыш иши козголду.
Маалыматка караганда, Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти тандап алуу шарттарына туура келбесе дагы трассаны жарыктандыруу үчүн “А.Т.” ишканасы менен 74 млн. 996 миң сомго келишим түзгөн.
Макулдашылган долбоордо көрсөтүлгөн иштер аткарылбай калганына карабай тийиштүү актылар менен кабыл алынган. Натыйжада ишти аткаруучу компаниянын эсебине 85 млн сомго жакын каражат негизсиз которулган. Бул сумма келишимде аз көрсөтүлгөн.
Бул иштерден өлкө бюджети 6 млн 324 миң сом чыгым тарткан. Кылмыш иши мындар аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. (КЕ)