Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Украин парламенти депутаттардын кол тийбестигин алууну карашы мүмкүн


Киевдеги нааразылык акциясы.
Киевдеги нааразылык акциясы.

Украина парламенти депутаттардын кол тийбестиги боюнча мыйзамды өзгөртүүнү карашмакчы. Апта башынан бери оппозициялык партиялар кошулган нааразылык демонстрациялардын катышуучулары президент Петро Порошенкодон коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү же кызматтан кетүүнү талап кылышууда.

Талаптардын арасында ошондой эле мыйзам чыгаруучулардын кол тийбестигин алуу да бар. Маалыматтарга караганда, бул маселе Жогорку Радада бүгүн түштөн кийин каралышы мүмкүн.

Ал арада полиция менен парламент имаратынын жанында чатыр тиккен демонстранттардын кагылышуулары болгону кабарланууда.

18-октябрда кеминде 10 киши камалган, тартип коргоочулар болсо элди тарткатуу үчүн газ колдонгону маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG