Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ирандын экс-президенти Хатамиге үйүнөн чыгууга уруксат берилген жок


Мухаммад Хатами.
Мухаммад Хатами.

Айрым маалыматтарга караганда, Иран бийликтери мурдагы президент, реформачыл Мухаммад Хатамиге Тегерандагы үйүнөн чыгууга уруксат бербей коюшту. Оппозициялык "Шахамньюс" сайты кабарлагандай, Хатами мурдагы министрлери менен жолугушууга бармак, бирок коопсуздук органдары ага үйүнөн чыгууга болбойт деп эскертишкен.

"Ушундай эле көрсөтмө анын жан сакчыларына берилген" деп айтылат маалыматта.

Дагы бир оппозициялык сайт экс-президент буга чейин да бир нече жолу ушундай эле чектөөгө туш болгонун жазат.

1997-2005-жылдары президент болгон Хатами быйыл майда Хасан Роуханиге элди үгүттөп, анын кайра шайланышына чоң салым кошкон.

Ирандын мамлекеттик каражаттары 6-октябрда Динаятчылардын атайын соту Хатамиге бардык коомдук салтанаттарга катышууга уруксат берилбейт деп чечкенин кабарлашкан.

Мындай чаранын себеби белгисиз. Айрым депутаттар аны түшүндүрүүнү бийликтен сурашкан.

XS
SM
MD
LG