Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Текебаев менен Чотонов жалпы абакка которулду


Бишкектеги № 47 түзөтүү абагы.
Бишкектеги № 47 түзөтүү абагы.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 түзөтүү абагында өтөйт. Ал эми мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы 27-абакка которулду.

Текебаев менен Чотонов УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына 10-октябрда которулган. Жаза аткаруу кызматынан буга чейин билдиришкендей, он күн ичинде алар бардык медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү.

Бишкек шаардык соту 2-октябрда "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду коррупция беренеси боюнча сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен жана үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин деген Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG