Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Мадумаров: Азыркы системага макул эместердин кыймылын түзүүгө аракет кылам


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Ал чыныгы атаандаштык “Республика” партиясынын лидери, президенттик кызматка талапкер Өмүрбек Бабанов экөөнүн ортосунда болду деп эсептейт. Мадумаров азыркы бийликке, системага макул эместерди биригип күрөшүүгө чакырды жана “Макул эмесмин” аттуу кыймыл түзүшү мүмкүн экенин айтты. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламенттеги оппозиция пикирин айта алган жок деп сындады.

Буга чейин Мадумаров “Азаттыкка" курган маегинде шайлоонун тазалыгынан күмөн санай турган көп жагдай болгонун, добуштар уурдалганын айткан. Мындан сырткары шайлоодо уткан КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду өзүнүн атаандашы катары эсептебей турганын, жалпы система менен күрөшүүнү мындан ары да улантарын билдирген.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендер боюнча кол санактын алдын ала жыйынтыгын чыгарган.

Ага ылайык, Кыргызстан социал-демократтар партиясы сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 54,74 пайызы колдогон. “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду колдоп добуш бергендердин саны 33,7% түзгөн. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун алган добушу 6,55%, “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариевдики 2,57% деп эсептелди. Калган талапкерлердин алган добушу 1% жеткен эмес.

БШКнын маалыматына караганда, добуштарды саноо өлкө аймагындагы жана чет өлкөдөгү добушканалардын бардыгында жүрдү.

15-октябрдагы шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түздү. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG