Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:58

Бул тууралуу Ош облустук патрулдук милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов “Азаттыкка” билдирди.

Анын билдиришинче, кырсык бүгүн 19-октябрда саат 12:30дөр чамасында орун алган. Ош-Бишкек автоунаа жолунун 600-611 чакырымында, тагыраагы Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында "Тойота Авенсис" үлгүсүндөгү автоунаа 12 жаштагы кызды уруп кеткен. 5-класстын окуучусу окуя болгон жерден каза болгон.

Сурак учурунда айдоочу окуучу кыз жолго кокустан чуркап чыга койгонун, автоунааны токтотууга мүмкүн болбой калганын айткан.

Айдоочунун автоунаасы патрулдук милициянын атайын токтотмо жайына киргизилди. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Маркумдун ата-энеси арызданса айдоочу камакка алынат. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG