Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Пакистан соту экс-премьер Шарифти айыптуу деп тапты


Мурдагы премьер-министр Наваз Шариф.
Мурдагы премьер-министр Наваз Шариф.

Пакистандын соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифке, анын кызына жана күйөө баласына чет өлкөлөрдө катылган жашыруун мүлкү боюнча айып такты. Шарифтин адвокаты айыпталуучулар күнөөнү моюнга алышпаганын билдирди. Экс-премьер өзү ушул тапта аялы дарыланып жаткан Лондондо жүрөт. Шарифтин үй-бүлөсү аларга каршы козголгон кылмыш ишти артында Пакистандын коопсуздук күчтөрү турган кутум деп санашат.

Иш Панамадагы документтер ачыкка чыккандан кийин козголгон. Документтерде Шариф жана жакындары офшордогу компаниялар аркылуу Лондондо турак жай өңдүү кымбат мүлк сатып алган деп көргөзүлгөн. Июлда Жогорку сот аны кызматтан алууну жана тергөө жүргүзүүнү буйругандан кийин 67 жаштагы экс-премьер отставкага кеткен.

13-октябрда Исламабад соту Шарифтин колдоочулары менен полиция сот имаратынын жанында кагылыша кеткен соң өкүм чыгарууну жылдырган.

XS
SM
MD
LG