Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Украина: депутаттардын кол тийбестик маселесин Конституциялык сот карайт


Оппозициялык партиялар кошулган нааразылык акцияга катышкандар 17-октябрда Жогорку Раданын имаратынын жанына чатырларды тигишкен.
Оппозициялык партиялар кошулган нааразылык акцияга катышкандар 17-октябрда Жогорку Раданын имаратынын жанына чатырларды тигишкен.

Украинанын парламенти депутаттардын кол тийбестигин алууну караган мыйзам долбоорун Конституциялык соттун кароосуна жөнөттү.

Апта башынан бери президент Петро Порошенкодон коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү же кызматтан кетүүнү талап кылган демонстранттар муну чакан жеңиш деп аташууда. Оппозициялык партиялар кошулган нааразылык акцияга катышкандар 17-октябрда Жогорку Раданын имаратынын жанына чатырларды тигишкен.

Массалык акцияларды уюштурууга Одесса облусунун мурдагы губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили чоң салым кошкон. Саясатчы эки өлкөнүн тең жарандыгынан ажыратылган.

Тараптар акцияны тынч өткөрүүгө чакырышса да, полиция менен демонстранттардын кагылышуулары болгону кабарланууда.

18-октябрда кеминде 10 киши камалган, тартип коргоочулар болсо элди таркатуу үчүн газ колдонгону маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG