Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Акыйкатчы: Чек арада зыян тарткандарга кенемте берилиши керек


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Өкмөт чек арада зыян тарткан ишкерлерге жана дыйкандарга кенемте төлөп берүү боюнча комиссия түзүүгө тийиш. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев тараткан билдирүүдө айтылат.
Омбудсмен кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаковдун Астанага сапарын кубаттоо менен, эми өкмөт ишкерлерге жана дыйкандарга чек арада бир нече суткалап кезек күтүп жатып, тарткан чыгымын төлөп берүү боюнча комиссия түзүү жагын ойлонушу керек деп эсептейт:

- Премьер-министр Сапар Исаковдун демилгеси менен Астанадагы жолугушуудан кийин чек арадагы абал жакшырды. Ошондой болсо да ортодон жөнөкөй жарандар, дыйкандар менен ишкерлер зыян тартып, чыгымга учурады. Ошол чыгымдарды толтуруу, кайтаруу маселесин өкмөт колдон чыгарбашы керек деп ойлойм.

Кубат Оторбаев бул чыгымды төлөө үчүн каражатты мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана эмес, эки өлкө мүчө болуп кирген уюмдарга да кайрылып, төлөө жолун издөөгө тийиш деп кошумчалады.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган. Казак тарап муну Кыргызстандагы шайлоого байланыштырган. Бирок 16-октябрдан тартып, Казакстан өкмөтү чет жактан кирген жүк ташуучуларды текшерүүнү күчөтүп, мыйзам бузгандардын 60% Кыргызстанга таандык жүк ташуучулар экенин билдирген. Текшерүүнүн натыйжасында Кыргызстандан Казакстанга багытталган 250 тоннадан ашуун жашылча-жемиш "талапка жооп бербейт" деген себеп менен артка кайтарылган.

Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан. Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып, жүгү бар унааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташыган унаалардын, бош жүк ташуучу унаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG