Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:24

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин телефондо сүйлөштү


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин.
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин.

19-октябрдагы сүйлөшүү учурунда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгындагы маанилүү маселелер тууралуу пикир алышты. Президенттер ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгы жөнүндө да сүйлөштү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Кыргызстандын мамлекет башчысы орус президентине социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда колдогону жана көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.

Евразиялык экономикалык биримдигине Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. 10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандан кирген автоунааларды текшерүүнү күчөтүп, анын ичинде жүк ташуучу унаалардын айрымдарын "ЕАЭБдин талаптарына жооп бербейт" деген негиз менен артка кайтарган.

Кыргыз өкмөтү Казакстандын бул аракети "ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн негизги макулдашуусун бузуп жатканын" билдирип, ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү чек ара бекеттериндеги абалды жакшыртуу боюнча келишимге кечээ Астанада кол койду. Ага ылайык, 19-октябрдан тарта жөө жүргүнчүлөрдү чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү тартиби киргизилди. Бирок жүк ташыган автоунаалардын көйгөйү толук чечиле элек.

Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG