Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Атамбаев менен Мирзиёев кыргыз-өзбек алакасын талкуулады


Президенттер Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. Ташкен, 5-октябрь, 2017-жыл
Президенттер Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. Ташкен, 5-октябрь, 2017-жыл

19-октябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары телефондон сүйлөшүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана жакында мамлекеттик сапар учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Андан тышкары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алганы менен куттуктап, өлкөгө өсүш каалаган. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 5-6-сентябрда келип кеткен. Анда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдерге кол коюлуп, жабык турган чек ара бекеттери ачылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ташкентке мамлекеттик сапар менен 5-6-октябрда барган. Анын сапары учурунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 12 келишимге кол коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG