Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Крымда гей-парад өткөрүүгө уруксат берилген жок


Орусия аннексиялаган Крымдын Симферопол, Керч, Феодосия, Жанкой жана Армянск шаарларында гей-парад өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган активист Николай Алексеевдин арызы артка кайтарылды. Бийликтердин мындай чечимин сотко берерин Алексеев "ВКонтакте" соцтармагындагы баракчасына жазды.

Николай Алексеев бир жылдан бери Орусиянын көптөгөн шаарларында ЛГБТ жүрүшүн жасоого арыз берип келет. Жергиликтүү бийликтер анын бир да арызын канааттандырган эмес. Баш тартуулар "салттык үй-бүлө баалуулуктарын сактоо", "балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо" сыяктуу жүйөлөр менен негизделген. Айрым бийликтер эч кандай комментарийсиз эле гей-парад өткөрүүгө каршы болушкан.

Европанын Адам укугу боюнча соту Орусияда жашы жете электерге ЛГБТны үгүттөөгө тыюу салган мыйзамды укуктарды чектөө деп тааныган.

XS
SM
MD
LG