Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар өлүмү акыркы 26 жылда үчтөн экиге кыскарган.
Ал эми ымыркайлар өлүмү эки эсе кыскарган. Алсак, 1990-жылы аман төрөлгөн 1000 ымыркайдын 24ү чарчап калса, 2016-жылы 12ге азайды. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун жылдык глобалдык баяндамасында айтылат.
Аталган фонддун өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаденин айтуусунда, Кыргызстан балдар арасындагы өлүм санын үчтөн экиге кыскартуу боюнча миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жеткен дүйнөдөгү 62 өлкөнүн бири:
- Акыркы он жылда Кыргызстанда балдар өлүмүнүн деңгээли азайды. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ЮНИСЕФ жана саламаттык сактоо тармагындагы бардык өнөктөштөр менен биргелешкен аракетинин артында медициналык кызматкерлер билимин жогорулатты, медициналык жабдуулар жаңыланды. Балдарга медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун сапаты жакшырды. Ушундай жөнөкөй чечимдер балдардын өмүрүн сактап калды, - деди Мамедзаде.
Мамедзаденин айтымында, жапон өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен өлкөдөгү сегиз ооруканада төрөт жана балдар бөлүмү оңдолду. Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдарга алгачкы реанимациялык жардам көрсөтүү боюнча 700дөн ашуун медициналык адис окутулду.
ЮНИСЕФ уюму 18-октябрда "Балдар арасындагы өлүмдүн деңгээли жана тенденциялары" аттуу глобалдык баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча күн сайын беш жашка чейинки курактагы 15 миң бала чарчап калат. Алардын ичинен 46% ымыркайлар.
Дүйнөдө беш жашка толо элек балдар арасында өлүм деңгээли кыскарды, бирок ымыркайлар арасында өлүм санынын көрсөткүчтөрүнүн төмөндөө ылдамдыгы жай болуп жатат.
Ымыркайлардын өлүмүнө ара төрөттүн кесепети же төрөт маалындагы жаракат, бир нече жугуштуу оору себеп болсо, беш жашка толо элек балдардын өлүмүнүн негизги себептери ара төрөлгөндөн кийин абалы начарлап кетүү, өпкөгө суук тийгенден улам, толгоодон кийинки оорлошуу жана түрдүү жугуштуу оорулар деп айтылат баяндамада.(ZKo)