Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Орусия: "Платон" акысын төлөбөгөн айдоочулар айыпка жыгылат


"Платон" системасына нааразы акциядагы унаалар
"Платон" системасына нааразы акциядагы унаалар

Орус өкмөтү "Платон" системасы боюнча акы төлөбөгөндөргө жаза айыпты төрт эсеге көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорун Мамдумага берди. Жаза айыпты 5 миң рублден 20 миң рублге чейин көтөрүү унаа ээлеринин жоопкерчилигин арттырат деп айтылат документте.

Бул мыйзам долбооруна өкмөт 6-октябрда макулдук берген.

Быйыл 15-апрелден бери Орусияда унаалардан ар бир чакырым үчүн акы төлөөнү талап кылган "Платон" системасы ишке кирген. Узакка жүрүүчү айдоочулар ансыз деле күйүүчү майдын акцизи үчүн жана салык төлөп жатканын белгилеп, системага каршы чыккан.

12 тоннадан оор автоунааларга жолдо жүргөнү үчүн акы төлөө системасы 2015-жылы ноябрда киргизилип, айдоочулардын нааразылыгын жараткан. Алар төлөнүүчү акыны жеке компания - президент Путиндин чөйрөсүндөгү ишкер Аркадий Ротенбергдин уулу Игорь Ротенбергдин ишканасы чогултарына каршы болушкан.

XS
SM
MD
LG