Астана Молдова жарандары жана алардын компаниялары берген доо арыздын негизинде Казакстандын каржыларынын камакка алынуусуна каршы чыкты. Буга чейин ЖМКларда Нидерланды соту Голландиядагы компаниянын башкаруусундагы Казакстан Улуттук фондунун каражаттарын камакка алууга уруксат бергенин кабарлашкан.
Анын ичинде ондогон швед компанияларындагы Казакстан өкмөтүнүн акцияларына бөгөт коюлганы маалымдалган.
Казакстандын Юстиция министрлиги акыркы төрт жылдан бери Молдова жараны Анатол Стати, анын уулу Габриэл Стати жана эки компаниясы менен соттошууда. Алар казак тараптан төрт миллиард доллардан ашуун акча талап кылууда.
Стокгольмдогу арызды караган арбитраждык сот 2013-жылы молдовалык жарандарга 500 миллион АКШ долларын берүү бүтүмүн чыгарган. Казакстан чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен апелляциялык сотко кайрылган.
Кийинчерээк Казакстандын Юстиция министрлиги Статинин көп жылдар бою Казакстандагы ири алдамчылык схемага катышып жүргөнүн далилдеген материалдар түшкөнүн билдирген. Ага ылайык, Стати алдамчылык жол менен Казакстандагы газды кайра иштетүүчү заводго курулуш материалдарын жогору баада жеткирип турган.
2016-жылы декабрда апелляциялык сот арбитраждык чечимди күчүндө калтырган. Казакстан бийлиги Швециянын Жогорку Сотуна кайрылган.
Казакстан 5-октябрда “алдамчылык фактларынын” негизинде АКШнын федералдык сотунда Статиге каршы соттук жараян баштоону демилгелеп, чыгымдарды кайтарууну талап кылган.