Өзбекстанда тыюу салынган “Бирлик” оппозициялык партиясынын Наманган облустук бөлүмүнүн мурдагы төрагасы, камактагы Мухаммадали Корабоев он бир жылдан кийин түрмөдөн чыкты.
Мухаммадали Корабоев "опузалоо" беренеси менен күнөөлөнүп, 2006-жылы 5,5 жылга соттолгон, кийинчерээк эки сапар жаза мөөнөтү узартылган.
“Бирлик” партиясынын мүчөсү, 70 жаштагы Мухаммадали Корабоев Навои шаарындагы абактан 18-октябрда чыкты. Ал "Эзгулик" укук коргоо уюмунун кепилдик катынын негизинде бошотулган.
Корабоев боштондукка чыгышын Өзбекстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышы катары сыпаттады.
Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери бир нече жылдап камакта жаткан айрым журналисттер эркиндикке чыгышты.