Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Эркин Асрандиев Өнүктүрүү фондунун төрагасы болду


Эркин Асрандиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Өкмөттүн расмий сайты кабарлагандай, фонддун жамаатына жаңы төраганы биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов тааныштырды.

Аталган фондду буга чейин Кубанычбек Кулматов башкарып келген. Ал 14-сентябрда Улуттук банктын төрагасы болуп шайланган.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимине ылайык, ЕАЭБге кошулган Кыргызстандын ишкерлерин колдоого, экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылуу үчүн капиталы 1 миллиард доллар менен түптөлгөн. Фонд ушул күнгө чейин 700гө жакын долбоорду каржылады. (SDz)

XS
SM
MD
LG