Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Баткенде көмүлгөн мумияга жергиликтүүлөр түлөө өткөрдү


Мумияны көмүү жана жергиликтүүлөрдүн бата кылган учуру
Мумияны көмүү жана жергиликтүүлөрдүн бата кылган учуру

Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургундары белгисиз кыздын мумиясы көмүлгөн бейитке барып куран окуп, бата кылышты. Буга улай курмандык чалынып, энелер жети токоч бышырды. Мумияга арналган түлөөдө аксакалдар аны кайра казып, ордунан козгоо туура эмес болорун айтышты.

Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл тургуну Чыңгыз Масеитов билдирди.

1970-жылдардан бери борбордук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге 14-октябрь күнү көмүлгөн. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук Тарых музейине алып келинген. Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып, көмүүгө чечим чыгарган.

Бирок көпчүлүк археолог жана илимпоздор Бишкекте атайын маалымат жыйынын өткөрүп, бул чечимге каршы чыгышты. Алар бийликтерден мумияны кайра каздырып алууну талап кылышкан.

Айрым маалыматтар боюнча, мумия кыргыздын уламыш-легендаларында айтылып жүргөн Мактым сулууга таандык болушу мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG