Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Пакистанда согушкер топтун лидери окко учту


Омар Халид Корсани
Омар Халид Корсани

Пакистандагы бир нече кандуу кол салуулар үчүн айыпталган жоочулардын тобунун лидери америкалык дрондун соккусунан набыт болду.

"Жамаат-ул-Ахрар" уюмунун өкүлү Асад Мансур Омар Халид Корасани 19-октябрда мерт болгонун Рейтер агенттигине ырастады. “Ана башыбыз бир нече күн мурда Ооганстандагы соккудан катуу жарадар болуп, бүгүн каза тапты", - деди Мансур.

Топтун бир нече жогорку жетекчилери да өлгөнү кабарланууда. Пентагон бул маалымат боюнча расмий комментарий жасай элек. Корасани 2014-жылы Пешавардагы мектепте болгон терактты уюштурган деп шектелип келген. Анда 147 киши каза тапкан, көбү балдар болчу.

XS
SM
MD
LG