Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Кара-Балтада 5-кабаттан секирген кыздын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов “Азаттыкка” билдирди.

Алдын ала иликтөөдө белгилүү болгондой, 5-кабаттан секирип каза болгон 14 жаштагы кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Атасы башка аялга үйлөнүп алганын билгенден кийин, катуу кайгырып жүргөн. Окуя орун алган 18-октябрь күнү өзүнүн бир тууган эжеси менен уруша кетип, балкондон секирип кеткен.

Окуя боюнча тергөө уланууда. Толугураак маалыматтар ошондон кийин гана берилерин Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов белгилейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG