Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:22

ЕБ: Иран менен келишимди сактоо зарыл


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф менен ЕБнын тышкы саясат бөлүмүнун жетекчиси Федерика Могерини.

Евробиримдиктин лидерлери Ирандын ядролук программасы боюнча келишимди карманышарын бышыкташты. Жакында АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылы түзүлгөн макулдашууга каршылык билдирген. 28 өлкөнүн башын бириктирген шаркет Трамптын тынчсыздануулары орундуу деп белгилөө менен катар келишим биримдиктин коопсуздук кызыкчылыктарына толугу менен жооп берет дешти.

"Биз келишимди бардык тараптар аткарууга тийиш деген позицияда кала беребиз. Бул биримдиктин коопсуздугу үчүн негизги маселе", - деди шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини 19-октябрдагы жыйында.

Трамп Тегерандын баллистикалык ракета программасы тынчсыздануу жаратаарын айтып, Иран өз аракети менен Жакынкы Чыгышта бейстабилдүүлүккө алып келүүдө деген. Жана Иран макулдашуунун талаптарын аткарып жатат деп расмий бышыктоодон баш тарткан. Эми АКШ Конгресси 60 күн ичинде келишимге ылайык алынып салган санкцияларды калыбына келтирүү же келтирбөө маселесин чечүүгө тийиш.

Эки жыл мурда түзүлгөн документке 2015-жылдын жайында Иран жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү, ошондой эле Германия тарабынан кол коюлган. Ал боюнча Ислам жумурияты уран байытуу иштерин чектейт, ал эми эл аралык санкциялар бара-бара алынмакчы.

XS
SM
MD
LG