Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Москвада журналист Али Феруздун иши каралат


Али Феруз деген ат менен таанылган журналист Худоберди Нурматов.
Али Феруз деген ат менен таанылган журналист Худоберди Нурматов.

Москва шаарынын Басман райондук соту «Новая газета» басылмасынын журналисти Али Феруздун Ички иштер министрлигине доо арызын карамакчы. Эки айдан бери чет өлкөлүк жарандардын убактылуу кармоочу жайында отурган Феруз өзү сотко катышпайт.

Сентябрдын аягында министрликтин өкүлү бул иште мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар бар деп, судья ал справканы талап кылган. Мындан улам сот кийинкиге жылдырылган.

Августтун башында орусиялык сот Феруздун арызын Адам укуктары боюнча Европа соту карагыча анын депортациясын токтото турууну буйруган.

Журналист миграциялык мыйзамдарды бузган деп 1-августта Москвада кармалган. Кесиптештери, укук коргоочулар жана жакындары Өзбекстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн дешет. Орусиялык маданият ишмерлери Али Ферузга колдоо билдирген видео жаздырышкан.

XS
SM
MD
LG