Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

Бахаи диний жамааты Бишкекте рухий лидеринин мааракесин белгилейт


Кыргызстандагы Бахаи диний коому борбору
Кыргызстандагы Бахаи диний коому борбору

Бул тууралуу Кыргызстандагы Бахаи диний коомунун улуттук рухий бирикмесинин катчысы Фарангиз Зейналова “Азаттыкка” билдирди. Бахаи ишениминин негиздөөчүсү Бахаулланын 200-жылдыгы анын туулган күнү 21-октябрда белгиленет. Майрамдык салтанат Борбор Азиядагы Америка университетинин жыйындар залында өтөт. Анда Бахаулланын өмүрү жөнүндө документалдуу фильм көрсөтүлөт жана ар кандай диний жөрөлгөлөр коштолгон, ыр-бий, оюн-зооктор болот.

Иш-чарага Кыргызстан бийликтеринин расмий өкүлдөрү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Маданият министрлигинин кызматкерлери жана башка диний жамааттардын мүчөлөрү да чакырылган.

Бахаи дининин негиздөөчүсү Бахаулла 1817-жылы Ирандын Тегеран шаарында туулган. Диний жамааттын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө айтылгандай, Бахаулланын 200-жылдыгы ушул күндөрү 182 өлкөдө белгиленет. Бул динди кармангандардын саны бүткүл дүйнө жүзүндө 7 миллионго жакын деп эсептелет.

Постсоветтик чөлкөмгө бахаи дини Советтер Союзу кулагандан кийин келген. Кыргызстанда болсо 1992-жылы диний уюм катары каттоодон өткөн. Учурда өлкөдө бахаи динин тутунган миңге чукул киши бар. Ушул күндөрү Бишкек, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Кочкор, Каракол, Балыкчы шаарларында Бахаи жамааттары расмий түрдө иш алып барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG