Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат өзү кабарлады.
Доо арыз 19-октябрда берилип, азырынча шаардык сот ишти качан карап баштарын айта элек.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Салянованын кызы азыр үчкө чыга элек.
Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма экенин белгилеп келет. (SDz)