Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Ирак армиясы менен күрттөрдүн кошуундары кайрадан кагылышты


Ирактын өкмөттүк армиясы өлкө түндүгүндө күрттөрдүн пешмерга кошуундары менен кагылыша кетишти. Бүгүнкү кармаш Киркук провинциясынын түндүгүндөгү Алтун Купири деген шаарынын жанындагы жолдо болгон. Ал жол Күрт автономиясынын баш калаасы Эрбилге 50 километрдей жакын орун алган.

Апта башында Ирак аскерлери менен шииттердин кошуундары Киркук шаарын, айланадагы мунай кендерин жана башка маанилүү объекттерди өз көзөмөлүнө алышкан. Премьер-министр Хайдар ал-Абади бул өлкө биримдигин саткоо үчүн көрүлгөн чара деп билдирген.

Ал аймактарды 2014-жылы күрттөр "Ислам мамлекети" радикал уюмунан кайтарып алышкан.

25-сентябрда Күрт автономиясы көз карандысыздыкты колдоп добуш берген, бирок Багдад референдумду мыйзамсыз деп атоодо.

XS
SM
MD
LG