Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Испания өкмөтү Каталонияда регионалдык шайлоо өткөрөт


Испаниянын өкмөтү Каталонияда кийинки жылдын январь айында регионалдык шайлоо өткөрөт. Мадрид бийлиги оппозициядагы социалисттик жумушчу партия менен кезексиз шайлоо боюнча макулдашышты. Добуш берүү аймактагы кырдаалды стабилдештирүү чараларынын бири.

21-октябрда испан өкмөтү чукул жыйында Каталониянын автономиясын убактылуу алып, Мадриддин түз башкаруусун киргизүүнү караган конституциялык мыйзамды колдонуу маселесин талкуулайт. Региондун лидери Карлес Пучдемон автономия алынса, көз карандысыздыкты жарыяларын эскертти.

19-октябрда борбордук өкмөт Каталониянын өз карандысыздык мүдөөсүнөн баш тартуусуна берилген мөөнөт соңуна чыкты.

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумдан кийин Пучдемон эгемендик декларациясына кол койгон, бирок анын күчкө кирүүсүн токто туруу керек деп, борбордук өкмөт менен сүйлөшүүгө үндөгөн. Добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган.

XS
SM
MD
LG