Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Орусияда полицияны сүйрөп кеткен кыргызстандык изделүүдө


Орус полициясы. Иллюстрация
Орус полициясы. Иллюстрация

Кыргызстандык айдоочу издөөгө алынганы тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматына таянуу менен РБК (rbc.ru) басылмасы жазып чыкты. Окуя Москва шаарындагы Домодедово аэропортунун жанында болгон. Полиция кызматкери такси автоунаасынын документин текшерүүгө аракет кылганда айдоочу машинесинин эшик-терезесин жаап, ичинен чыкпай койгон. Полициячы жолун тосуп автоунаанын алдына туруп алган учурда айдоочу аны сүзүп, капотко жатып калган полициячыны бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен.

Башка полициячылар да жардамга келип, айдоочуну кармоого аракет кылган кезде дагы башка адам аларга тоскоол болгон. Натыйжада эки адам тең окуя болгон жерден качып кеткен.

Орусиянын ИИМи кабарлагандай, эки адамдын автоунаалары табылып, алардын аты-жөнү аныкталган. Шектүүлөр Кыргызстандын жараны экени такталган. Бул эки мигранттын такси кызматын аркалоого тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Учурда шектүүлөр издөөгө алынды.

Буга чейин Кыргызстандын өзүндө да автоунаа документин текшергиси келген патрулдук милиция кызматкерлерин сүзүп, капотко жатып калган жеринен сүйрөп кеткен бир нече окуя катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG