Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кабулдагы жардыруудан 50 киши мерт болду


Ооганстандын Ички иштер министрлиги Кабулда шииттердин мечитинде болгон жардыруудан кеминде 50 киши мүрт кетти, 45 чакты адам жараат алды.

20-октябрда жума намазы маалында жанкечти өзүн Имам Заман мечитинде жардырып жиберген. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Бирок буга чеийн ушундай эле теракттарга "Талибан" жана “Ислам мамлекети” радикал уюмдары айыпталып келген. Бир күн мурун Кандагардагы аскерий базага коюлган чабуулдан 43 жоокер окко учуп, тогуз киши жарадар болгон.

Ооганстан калкынын 10 пайызга жакынын түзгөн шиит азчылыгы быйыл бир топ кол салууларга туш болгон.

XS
SM
MD
LG