Мадагаскарда (Инд океанындагы аралда жайгашкан африкалык мамлекет) 94 киши кара тумоодон көз жумду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, кара тумоо катталбаган учурлары 150 миңден ашып, дагы көбөйүшү мүмкүн.
Жугуштуу оору Мадагаскардын эки чоң шаарына жайылган жана анын масштабы кеңейип жатат.
Эл аралык гуманитардык уюмдар аталган өлкөгө антибиотиктерди жөнөтүүдө.
Оорунун аралдан башка аймактарга жайылуу коркунучу аз экенин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.