Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:24

Eurovision сынагында мыйзамсыз чыгым коротулганы ачыкка чыкты


Ыр сынактын жарым финалы, 9-май 2017-жыл.
Ыр сынактын жарым финалы, 9-май 2017-жыл.

Украинанын мамлекеттик аудиторлук кызматы Eurovision-2017 ыр сынагын уюштуруу жана өткөрүүдө мыйзамсыз акча коротулганын жарыялады.

Маалыматка караганда, сынакты өткөрүүдө 15 миллион евродой акча максатсыз сарпталган, эсеп иштери туура эмес жүргүзүлгөн жана сатып алуулар мыйзам бузуу менен коштолгон.

Аудиторлор сынакка кеткен каражаттын чоо-жайын Украинанын өкмөт башчысынын тапшырмасы менен текшерип чыккан. Материалдар сотко өткөрүлүп берилген.

Eurovision-2017 сынагы быйыл 9-13-майда Киевде өткөн болчу.

XS
SM
MD
LG