Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Журналист Алишер Саиповдун үй-музейи ачылат

Алишер Саиповдун апасы Зайнабхан Саипова баласын эскерип жазган дептер.

26 жашында белгисиз кишилер атып кеткен журналист Алишер Саиповдун үй-музейи ачылат. Анын жакындары "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, маркумдун буюмдары, кийим-кечеси жана сүрөттөрү өзү өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгаштырылып, музейге айланды. Үй-музейдин ачылышы 24-октябрда болот.

Алишер Саиповду 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз кишилер Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө кечки саат жетилерде атып кетишкен. Бутуна бир, башына эки жолу тийген октон улам журналист ошол жерде каза тапкан. Бул үрөй учурган кылмыштын бети ачыла элек.

Алишер Саипов Voice of Ameriсa, RFERL-Ozodlik, BBC, Mashhad радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган.

25 жашында "Сиёсат" ("Саясат") гезитин негиздеп, ал жума сайын чыгып турган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган.

Өлүм себептери анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени айтылып келет. Буюртма өлтүрүүнүн изи коңшу Өзбекстанга такаларын кыргыз тартип коргоо органдары четке каккан эмес.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Алишер Саиповдун ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын Аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат.

Маркумдун артында калган кызы быйыл он жашка толду. (SE)

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз:

Журналист уулуна үй-музей ачкан эне

Зайнабхан апа уулун эскерип жазган дептер.
1/14 Зайнабхан апа уулун эскерип жазган дептер.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
2/14

Алишерди атып кетишкенде үстүндө ушул кийимдер болгон. Бул үрөй учурган кылмыштын бети ачыла элек.
3/14 Алишерди атып кетишкенде үстүндө ушул кийимдер болгон. Бул үрөй учурган кылмыштын бети ачыла элек.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишер 25 жашында өзбек тилинде &quot;<strong>Сиёсат&quot;</strong> (Саясат) гезитин негиздеп, жума сайын чыгарган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган. Ал кийген футболка.
4/14 Алишер 25 жашында өзбек тилинде "Сиёсат" (Саясат) гезитин негиздеп, жума сайын чыгарган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган. Ал кийген футболка.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишерге үч ирет ок үзүшкөн. Ошол маалда бутунда ушул туфли болгон.
5/14 Алишерге үч ирет ок үзүшкөн. Ошол маалда бутунда ушул туфли болгон.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишерди иш-столу. Маркум Voice of Ameriсa, RFERL-Ozodlik, BBC, Mashhad радиолору, &quot;Фергана.Ру&quot; маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган.
6/14 Алишерди иш-столу. Маркум Voice of Ameriсa, RFERL-Ozodlik, BBC, Mashhad радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишер мектепте жазган дептер.
7/14 Алишер мектепте жазган дептер.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Расмий маалыматка ылайык, учурда Алишер Саиповдун ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын Аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат.
8/14 Расмий маалыматка ылайык, учурда Алишер Саиповдун ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын Аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишер колдонгон бетаарчы.
9/14 Алишер колдонгон бетаарчы.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишерди атып кетишкенде кызы Зулайка эки айлык эле. Азыр 10 жашта. Атасы чыгарган &quot;Сиёсат&quot; гезитин карап отурат.&nbsp;
10/14 Алишерди атып кетишкенде кызы Зулайка эки айлык эле. Азыр 10 жашта. Атасы чыгарган "Сиёсат" гезитин карап отурат. 
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишердин достору, кесиптештери жазган эскерүү дептер.&nbsp;&nbsp;
11/14 Алишердин достору, кесиптештери жазган эскерүү дептер.  
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишер Саиповдун үй-музейи. Ал окуган китептер жана колдонгон буюмдары.
12/14 Алишер Саиповдун үй-музейи. Ал окуган китептер жана колдонгон буюмдары.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишер Саиповдун мүрзөсү.
13/14 Алишер Саиповдун мүрзөсү.
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Алишер Саиповдун иниси Шахрух жана кызы Зулайка маркумдун мүрзөсүн зыярат кылууда.&nbsp;
14/14 Алишер Саиповдун иниси Шахрух жана кызы Зулайка маркумдун мүрзөсүн зыярат кылууда. 
2007-жылы 24-октябрда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен. Апасы Зайнабхан Саипова баласы үчүн үй-музей ачты.
Артка
Алдыга

XS
SM
MD
LG