Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

НАТОнун кийинки саммити 2018-жылы Брюсселде өтөт


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТОнун кийинки саммити 2018-жылы 11-12-июлда Брюсселде болот. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 20-октябрда билдирди. Анын айтымында, саммит Европа менен Түндүк Американын байланышын чыңдоого багытталган.

Быйыл майда АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлерин союзду өнүктүрүү үчүн жетиштүү каражат бербей жатат деп сындаган. Мунун айынан америкалык салык төлөөчүлөргө оордук жаралып жатканын айткан.

Түндүк Атлантика союзунун кийинки саммитинин кайсы күндө өтөрү жарыяланышы согушта гибрид жана электрондук ыкма колдонуу боюнча орусиялык дымагы күчөгөн, Батыш мамлекеттери Москванын мындай мүдөөсүнө тынчсызданып жаткан учурга дал келди.

НАТО акыркы айларда Балтика жээгиндеги мамлекеттер менен Польшага төрт миңдей жоокерин жайгаштырган. Бул Орусия тараптан туулган коркунучка жооп катары сыпатталган.

2018-жылдагы саммитке НАТО мүчөлөрү террорчулукка каршы күрөш маселесин да талкуулайт.

XS
SM
MD
LG