Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

Бишкекте БУУ күнү белгиленди


БУУ үйү. АКШ, Нью-Йорк. 20-сентябрь, 2017-жыл.

Бишкекте бүгүн Бириккен улуттар уюмунун күнү белгиленди.

"Бишкек-парк" эс алуу борборунда БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү туруктуу өнүгүү боюнча өз ишмердиги менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар саат 11ден 16га чейин ВИЧ боюнча акысыз тесттен өтүп, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча адистердин кеңештерин алышты.

Өспүрүмдөргө жомоктордун бурчу, сынактар уюштурулду. Катышуучуларга концерт да тартууланды.

Бириккен улуттар уюмунун күнү 1948-жылдан бери 24-октябрда белгиленип келет. 1945-жылы бул күнү БУУнун уставы күчүнө кирген. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG