Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Ленина Абдрахманованын сөөгү жерге берилди


Ленина Абдрахманова.
Ленина Абдрахманова.

Маркум Ленина Абдрахманованын сөөгү бүгүн (21-октябрда) Чоң-Арыктагы көрүстөнгө коюлду. Кыргыз совет мамлекетин түзүүчүлөрдүн бири, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун (1901-1938) кызы Ленина апа 20-октябрда 81 жашында дүйнөдөн өткөн.

Л.Абдрахманованын каза болгонуна байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев жакындарына көңүл айтты. Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан маркумду акыркы сапарга узатууга акча бөлүндү.

Ленина Абдрахманованын атасы Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук жумурият макамын алуусу үчүн өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан. Ал 1930-жылдары Казакстандын ачарчылык азабын чеккен калайыгынын Кыргызстанга ооп келген бөлүгүн ачарчылыктан сактап калган иш-аракеттери менен белгилүү. Жусуп Абдрахманов контрреволюциячыл жана улутчул деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен.

Жусуп Абдрахманов Владимир Лениндин урматына кызын Ленина деп атаган. Кызы ымыркай кезинде эле ал камалып кеткен.

Ленина Абдрахманова эмгек жолун ден соолукка зыяндуу гальваника өндүрүшүндө карапайым жумушчу катары эмгектенүү менен баштаган. "Эл душманынын кызы" деген жарлык аны жазыксыз жерден далай мезгилге чейин ар кыл кыйынчылыкка кириптер кылган. Өз эмгеги менен бийик даражага жетип, көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. (NT)

XS
SM
MD
LG