Чыгыш Казакстан облусунун Семей шаарында активисттер элдин жашоосун жакшыртуу талабы менен 21-октябрда митингге чыгышты. Акциянын катышуучулары бул талап аткарылбаса, отставкага кетүүнү жана жаңы шайлоо өткөрүүнү бийликтен талап кылышты.
Митингдин уюштуруучуларынын бири Шейкербану Мырзаханова "Азаттык" радиосуна акцияга ондон ашык киши чыкканын билдирди. Алар Казакстанда элдин жашоосу төмөн бойдон калып жатканын, пенсия, жөлөкпул аз болгону менен азык-түлүк, тейлөө, кызмат көрсөтүү, күйүүчү май акысы жогорулап жатат деп нааразылык айтышты. Митингде совет доорунда Семейдеги ядролук полигондогу сыноолордон жапа чеккендерге ай сайын кошумча төлөм берүү талабы да көтөрүлдү.
- Биздин максат бийликке талап айтууга даяр жарандардын башын бириктирүү, - деди жергиликтүү активисттердин бири Арсен Кудабаев митингде сөз сүйлөгөн учурда.
Активисттер Семейдин борбордук аянтында акцияга уруксат алуу өтүнүчү менен шаар акимчилигине кайрылган, бирок бийлик аны башка жерде өткөрүүгө макул болгон.
Митингдин соңунда катышуучулар көтөрүлгөн маселелерди бийликке жеткирүү боюнча резолюция кабыл алышты.