Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Мадрид Каталонияда түз башкаруу ыкмасын киргизет


Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой.
Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой.

Мадрид Каталонияда түз башкаруу ыкмасын киргизип жатканын Испаниянын өкмөт башчысы Мариано Рахой билдирди. Анын айтымында, аймактык өкмөттүн ыйгарым укуктары толугу менен Испаниянын министрлер кабинетине өтөт.

Премьер-министрдин белгилешинче, Каталония өкмөтү тарашы керек, ал эми жаңы шайлоо алты ай ичинде өтүүгө тийиш.

Буга чейин Рахой Каталониядагы кризисти жөнгө салуу үчүн өкмөттүн чукул жыйынын өткөргөн. Министрлер автономиянын өзүн-өзү башкаруусун чектеген чараларды талкуулаган.

10-октябрда Каталониянын башчысы Карлес Пучдемон референдумдун жыйынтыгында провинция Испаниядан көз карандысыз болууну жактаганын жарыялап, бирок аны расмий өз алдынча деп жарыялоону кийинкиге калтырган. Ушундан кийин испан өкмөтү Каталонияга шарт коюп, өз алдынчалыкты жарыяладыбы же жокпу түшүндүрүүнү талап кылган. Каталония бийлиги буга жооп иретинде борбордук өкмөттү диалогго чакырган.

Каталонияда Испаниядан бөлүнүү боюнча референдум 1-октябрда өткөн. Добуш берүүлөргө катышкандардын 90 пайыздан ашууну аймактын көз карандысыздыгын колдогон. Жергиликтүү бийлик жалпы элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 43 пайызы катышты деп билдирген. Мадрид референдумду мыйзамсыз деп жарыялаган. Еврокомиссия да испан өкмөтүнүн позициясын жактаган.

XS
SM
MD
LG