Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Чехияда парламенттик шайлоо аяктады


Андрей Бабиш шайлоодо добуш берип жатат. Чехия. 20-октябрь, 2017-жыл.
Андрей Бабиш шайлоодо добуш берип жатат. Чехия. 20-октябрь, 2017-жыл.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Чехиядагы парламенттик шайлоого келгендердин саны жалпы шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгын түздү.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолор добуштардын көбүн ANO деп аталган оңчул-борборчулардын кыймылы алышы мүмкүндүгүн көрсөткөн. Аны миллиардер жана Чехиянын мурдагы каржы министри Андрей Бабиш жетектейт. Байкоочулар коррупция жана Евробиримдиктин фондундагы алешемдиктер боюнча айтылган айыптарга карабай Бабиш премьер-министрликке келиши ыктымалдыгын жоромолдоп жатышат.

Андрей Бабиш качкындарды кабыл алуу, еврого өтүү талабына байланыштуу Евробиримдикти бир нече жолу сындаган.

Байкоочулар чех парламентине онго чукул партия, анын ичинде оңчул жана солчул евроскептиктер өтүп, сан боюнча рекорд коет деп боолгошууда.

XS
SM
MD
LG