Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Эркектердин саламаттыгын текшерүү жумалыгы башталат


Улуттук госпиталдын Урология бөлүмү 23-октябрдан 1-ноябрга чейин эркектердин саламаттыгын акысыз текшерүү жумалыгын уюштурууда.

Каалоочулар бул күндөрү эртең мененки саат тогуздан түшкү саат үчкө чейин Бишкектеги Тоголок Молдо жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Урология борборунан андролог, уролог адистердин кеңешин ала алышат.

Дарыгерлер Кыргызстанда акыркы мезгилде эркектер арасындагы тукумсуздук көбөйүп жатканын айтып келишет. Маалыматка караганда, жашы 50дөн өткөн эркектердин деле 10 пайызга жетпегени гана догдурга кайрылат. Көпчүлүгү ар түрдүү дартка чалдыкса да кыйналып жашай беришет. (BCh)

XS
SM
MD
LG