Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Чехия: парламенттик шайлоодо миллиардер Бабиштин партиясы жеңди


Андрея Бабиш.
Андрея Бабиш.

Миллиардер Андрей Бабиштин ANO кыймылы Чехиянын парламентинин төмөнкү палатасы үчүн өткөн шайлоодо алдыга чыкты. Бабиштин тарапкерлери алган добуштар 29 пайыздан ашты. Экинчи орунду оңчул центристтик Жарандык демократиялык партия ээледи.

Парламентке жалпы тогуз партия өттү.

Добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болгон ANO кыймылы Европа биримдигинин миграциялык саясатын катаалдатууну колдойт, качкындарды союзга мүчө мамлекеттерге бөлүүгө каршылык билдирип келет.

Чехия президенти Милош Земан Бабишке өкмөт куроо милдетин тапшырары күтүлүп жатат. Бирок парламентке өткөн бир катар партиялар азыр эле өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн баш тартышты.

Алар Андрей Бабишти авторитардык тенденциялары үчүн айыпташууда.

Бабишке жакында эле каржылык көз боёмочулук боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү.

XS
SM
MD
LG