Таластагы "Манас Ата Сапат" лицейинде билим алган балдар эттен ууланган болушу мүмкүн. Мындай божомолду Талас райондук санэпидемстанция көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Дамира Алиева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган лицейдин 35 окуучусу ууланып, алардын он бири ооруканага жатып чыгышкан:
- Булар кечки тамакка фрикадельки шорпо, макарон, жер-жемиш, нан жеп, чай ичишиптир. Фрикалделькиден шекшип турабыз. Эт менен жасалган тамак да.
Ал эми лицей директору Ильяс Арслан уулануу эт азыгынан болгон деген божомолду четке кагып, тамак-ашка базардан эт алынбай турганын, малды өздөрү соёрун маалымдады. Уулануу себептери иликтенип жатканын, анализдердин жыйынтыгы 23-октябрда чыгарын кошумчалады.
17-октябрда 7-11-класстын окуучулары уулануу белгилери менен ооруканага түшкөн. "Манас Ата Сапат" балдар лицейинде 453 окуучу билим алат. (AlS)