Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Бишкектеги өрттөн бир нече эс алуу жайлары күйүп кетти


Бишкектеги өрт. 22-октябрь, 2017-жыл.
Бишкектеги өрт. 22-октябрь, 2017-жыл.

22-октябрда Бишкектин Асанбай кичирайонундагы өрттөн бир нече эс алуу жайлары күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы күрөшүү агенттигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди. Анын айтымында, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 10.16да түшкөн. Тилсиз жоо Асанбайдагы эс алуу багынын жанындагы коомдук ден соолукту чыңдоо жана соода комплексинде чыккан. Анын ичиндеги жетиге жакын ижарага алынган эс алуу жайлары өрттөндү. Жалпы 2000 чарчы метрдей аянт күйгөн:

- Өрт өчүрүүгө он бир топ тартылган. Азыр тилсиз жоонун себептери иликтенүүдө. Өрттөн эч ким жабыркаган эмес.

Өрт чыккан комплекстин ичинде бир нече кафе-ресторандар, соода жайлары бар. Азыр тилсиз жоо толук өчүрүлө элек. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт Асанбай кичи районундагы "Ган-Бей" кафесинде чыкканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG