Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Трамп: Ракканын бошотулганы эң чоң жеңиш


Сирия демократиялык күчтөрү Ракканын борбордук аянтында жеңишти майрамдап жатышат. 19-октябрь, 2017-жыл.
Сирия демократиялык күчтөрү Ракканын борбордук аянтында жеңишти майрамдап жатышат. 19-октябрь, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун жоочуларынын Сириянын Ракка шаарынан сүрүп чыгарылганын кубаттады. Муну террорчулукка каршы күрөштөгү эң чоң ийгилик деп атады:

- Биздин күчтөр биригип шаарды исламчылардын көзөмөлүнөн бошотту. Раккадагы жеңиш "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун жана анын зыяндуу идеологиясын жок кылуу өнөктүгүндөгү эң чоң ийгилик, - деди Трамп.

Сириянын демократиялык күчтөрү күрттөрдүн катышуусунда төрт айлык салгылашуулардан кийин Ракканы согушкерлерден бошотконун 20-октябрда расмий жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG