Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Жапония: парламенттик шайлоодо Синдзо Абэнин партиясы утту 


Синдзо Абэ Либерал-демократиялык партиянын Токидогу штабында. 22-октябрь, 2017-жыл.
Синдзо Абэ Либерал-демократиялык партиянын Токидогу штабында. 22-октябрь, 2017-жыл.

Жапонияда 22-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Синдзо Абэ жетектеген Либерал-демократиялык партия жеңишке жетти. Аталган партия 465 орундуу жапон парламентинин 310уна ээ болду.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн кечинде жарыяланат. Абэ 2012-жылы өкмөттү жетектей баштаган. Учурда анын премьерлик кызматтагы экинчи мандатынын мөөнөтү аяктап жатат.

Жаңы өкмөттүн алдында Жапониянын Коргонуу күчтөрүнүн макамын аныктоо маселеси турат. Өлкөнүн Баш мыйзамы Экинчи дүйнөлүк согушта Жапония жеңилип калгандан кийин АКШнын катышуусунда жазылган. Конституциянын 9-беренесинде куралдуу күчтөрдү кармап турууга тыюу салынат.

Түндүк Кореядан туулган аскердик коркунучтан улам соңку кезде жапон армиясынын ролу кызуу талкууланууда.

XS
SM
MD
LG